WSJ: Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына эскертти

Автор

Иран бийлиги жашыруун дипломатиялык каналдар аркылуу алардын аймагы же аба мейкиндиги Иранга чабуул жасоо үчүн колдонулса, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына сокку урарын эскертти. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Тегеран Иордания, БАЭ, Сауд Арабиясы жана Катарга эскертүү жиберген. Бул өлкөлөр Вашингтонго Иранга каршы чабуулдар үчүн өздөрүнүн аскердик инфраструктурасын же аба мейкиндигин АКШ жана Израилге берүүнү каалашпаганын билдиришти.

Бөлүшүү:
Next Post

12-октябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 12-октябрда өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Эртең, түнкүсүн Чүй,Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ыссык-Көл, […]

Сизге жагышы мүмкүн