V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-14-сентябрда Астана шаарында өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги билдирди.
Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, спорттук программа спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт: Анын ичинде:
ат чабыш;
күрөштүн улуттук түрлдөрү;
салттуу интеллектуалдык оюндар;
согуш өнөрү боюнча мелдештер;
ок атуу;
канаттуулар менен аңчылык;
ат үстүндөгү мелдештер;
элдик оюндар;
спорттун этникалык түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр.
«Астанада «Көчмөндөр ааламы» этникалык айылы ачылып, анда ар бир келген адам казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле Дүйнөлүк конгресске катышкан өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-айылга күнүнө 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат», — дешет уюштуруучулар.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну «Улуу талаадагы жолугушуу» (Улы Дала Дубири) деген ураандын астында өтөт.