V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Үчүнчү күндүн программасы

Автор

Бүгүн, 11-сентябрь күнү V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында салттуу жаа атуу, далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, “Алыш” бел боо күрөшү, аркан тартыш, оордуктарды көтөрүү, боюнча мелдештер башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ордуктарды көтөрүү боюнча Уларбек Күрүчбеков өлкө намысын коргойт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 дө башталат.
Аркан тартыш боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 дө башталат.
Эркектер арасында:
– Самат Абдесов;
– Тынчтыкбек Борбиев;
– Темирлан Элмирбеков;
– Уланбек Эмилбеков;
– Каныбек Эсенгелдиев;
– Озодбек Машербаев;
– Азамат Өмүралиев;
– Улан Оңолбаев;
– Жыргалбек Сүйүналиев;
– Ашыр Жандаралиев;
Кыз-келиндер арасында:
– Нуржан Асанова;
– Нуркыз Ашыралиева;
– Надежда Гулиашченко;
– Нуркыз Касенова;
– Барчынай Махмудова;
– Мээримай Нурадилова;
– Толгонай Нурадилова;
– Күмүшай Орозкулова;
– Венера Жунусова;
– Адинай Алмазбекова.
Финалдык беттештер саат (Бишкек убактысы боюнча) 17:00 дө башталат.
“Алыш” бел боо күрөшү боюнча беттештер Бишкек убатысы боюнча саат 11:00 дө башталат.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
– 60 кг Баяман Абидинов;
– 70 кг Калысбек Каюмов;
– 80 кг Ирлан Казбек уулу;
– 90 кг Азизхан Мусабек уулу;
– 100 кг Арген Джакенов;
– +100 кг Иманали Сагынали уулу;
Кыз-келиндер арасында:
– 55 кг Элзада Момунжанова;
– 60 кг Айгиза Дастан кызы;
– 65 кг Нурзат Бактыяр кызы;
– 70 кг Динара Камчыбекова;
– 75 кг Феруза Курстанбек кызы;
– +75 кг Нагира Сарбашова.
Финалдык беттештер саат (Бишкек убактысы боюнча) 17:00 дө башталат.
Жер улук (көк пар) боюнча оюндар Бишкек убактысы боюнча саа 11:00 дө башталат:
11:00 Казакстан – Орусия;
Көк бөрү боюнча оюндар саат (Бишкек убактысы боюнча) 16:00 дө башталат:
16:00 Түркия – Казакстан (а тайпасы);
17:00 Орусия – Кыргызстан (б тайпасы).
Ат үстүндө жаа атуунун Жамбыл стили боюнча мелдештер Бишкек убактсы боюнча саат 11:00 дө башталат. Оюндар түрк стилинде өтүп, Аида Акматова, Тимур Болотов, Нурсултан Мукаев жана Мерген Мирланов катышат.
Далба ойнотуу боюнча оюндар саат (Бишкек убактысы боюнча) 11:00 дө башталат. Кыргызстандын атынан Түгөлбай Абдукадыров, Бакыт Шамуратов, жана Курбантай Билалдинов катышат.
Чүкө оюну боюнча оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 дө финалдык оюндар башталат. Кыргызстандын атынан Нурмухаммед Абдраимов, Нурлан Чотонов, Кубатбек Дубанаев, Тариэл Искендер уулу, Гулзина Абдилашим кызы, Галина Арызкулова, Аделя Искендерова, Миргүл Сабиева катышууда.
Тогуз коргоол боюнча мелдештер саат (Бишкек убактысы боюнча) 11:00 башталат. Өлкө намсын коргоп Марлис Дуулатбеков, Алтынай Шамбетова, Сырттан Сыргак уулу жана Азиза Жамансартова катышууда

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар жол тыгынына нааразы

Бүгүн, 11-сентябрдагы Парламент жыйынында жол тыгыны боюнча маселе көтөрүлүп, нааразычылыктар айтылды. “Шаарда жол тыгыны кайра көбөйүп, түнкү саат 8-9 га чейин узарып кетти. Студенттердин сабагы саат 10:00 дө баштайт деген чечим чыгарган элеңер. Мунун 2-бөлүгү бар. Студенттер түнү бир маалда кантип окушат, түнү ким аларга сабак берет. Студенттерди эксперимент катары […]

Сизге жагышы мүмкүн