Кыргыз Республикасынын таяк тартыш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 8 медаль (6 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти
Маалыматка ылайык, эркектер арасында Уланбек Турганбаев (65 кг), жана Келдибек Атайбек уулу (105 кг) алтын медалга ээ болушса, Бекмурза Токтошев (70 кг) Элдос Айтбаев (80 кг) 2-орунду ээледи. Русланбек Чыныбек уулу 90 кг чейинки салмакта коло медалга ээ болду.
Кыз-келиндер арасында Элза Абдыкадырова (55 кг), Адель Маданбаева (65 кг) жана Назия Майлыбашева (75 кг) алтын медалдарды жеңип алышты.
Улуттук курама командалык эсеп боюнча 1-орунду ээледи. Мелдешке жалпы 33 өлкөнүн спортчулары катышты.
Курама команда башкы машыктыруучулар Марат Раматов жана Эрмек Курманалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты