V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2024: Медалдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунда

Автор

Учурда Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан экинчи орунда келатат. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын расмий сайтында жазылууда.
Маалыматка ылайык, медалдардын саны боюнча Кыргызстан 53 медаль менен экинчи орунга жайгашты. Өлкө куржунунда азыр 16 алтын, 17 күмүш, 20 коло медаль бар.
Биринчи орунду 86 медаль менен Казакстан ээледи. Үчүнчү сапта Өзбекстан – 34, Төртүнчүдө Россия – 45, 5-орунда 6 медаль менен Түркия келе жатат.
Белгилей кетсек, учурда мелдеште 89 өлкөдөн келген 2,5 миңден ашык спортчу ат салышууда. Ага Кыргызстандын атынан 181 спортчу спорттун 18 түрүнөн катышууда. Көчмөндөр оюндары 13-сентябрда жыйынтыкталат

Бөлүшүү:
Next Post

Азимбек Бекназаровдун эмнеге камалганы айтылды

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. “Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү […]

Сизге жагышы мүмкүн