V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары -2024: Кыргызстандын эсеп куржунунда 14 медаль бар

Автор

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Алтын медаль ээлери:
– Бекболот Токтогонов (кураш, +100 кг);
– Уланбек Турганбаев (таяк тартыш, 65 кг);
– Эльза Абдыкадырова (таяк тартыш, 55 кг).
Күмүш медаль ээлери:
– Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг);
– Райкан Бактыгул уулу (эр эңиш, 70 кг);
– Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг);
– Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг);
– Кемал Оболбеков ( казак күрөшү, 55 кг);
– Луиза Асакеева (казак күрөшү, 48 кг);
– Асель Садырова (салттуу жаа атуу);
Коло медаль ээлери:
– Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг);
– Байбол Саламат уулу ( казак күрөшү, 66 кг);
– Искак Токонов (салттуу жаа атуу);
– Ажар Исаева (кураш, 70 кг).
Мындан сырткары, ата мекендик спортчулар көк бөрү оюну боюнча Өзбекстандын командасын 12:6, көк пар (жер улак) боюнча Монголиянын командасын 16:0 ири эсебинде артта калтырышты.
Ошондой эле, чүкө оюну боюнча курама команда жарым финалга жолдомо алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 10-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом болсо, сатуу 85 сом 45 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн