V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Кыргызстан медалдык эсепте экинчи келатат

Автор

Казакстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курамасы тогуз медалга ээ болду. Бул тууралуу көчмөндөр оюндарынын сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандык команданын эсебинде азыр жети алтын, жети коло жана тогуз күмүш медаль бар.
Медалдык эсепте Кыргыз курамасы казакстандык командадан кийин экинчи орунда келатат.

Эске сала кетсек, V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Астанада 9-14-сентябрь күндөрү өтүп жатат. 100дөн ашык мамлекет жана 4 миңдей адам катышып жатат. Көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын атынан 282 спортчу катышууда. Алар оюндардын программасына кирген спорттун бардык түрлөрү боюнча күч сынашат

Бөлүшүү:
Next Post

Дебатта Харрис 44 пайыз добуш менен жеңишке жетти

АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Камала Харрис Трамп менен болгон дебатта 44 пайыз добуш алып, жеңишке жетти. CNN телеканалы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, Трамп 40 пайыз көрүүчүнүн колдоосуна ээ болгон. Телекомпаниянын маалыматына ылайык, иш-чарага чейин жүргүзүлгөн сурамжылоодо Трампты колдогондордун саны 43 пайыз болсо, Харристин тарапташтары 39 пайыз болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн