V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары – 2024: Астанада оюндардын жабылышы көрүүчүлөрсүз өтөт

Автор

Астанада өтүп жаткан бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи бюджеттин кыскарышынан улам протоколдук форматта жана көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары билдирди.
«Бүгүн, 13-сентябрда Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болот. Быйыл жазында бюджеттин кыскарышына байланыштуу иш-чара шаан-шөкөтсүз, протоколдук форматта жана көрүүчүлөрсүз өтөт. Жабылуу аземин Казакстандын алдыңкы телеканалдары түз ободо көрсөтө алышат», — деп айтылат билдирүүдө.
Уюштуруучулар шылуундардын жабылыш аземине билеттерди сатып алуу сунушуна алданбагыла деп коомчулукка кайрылуу жолдошту.
“Жабылыш аземине сатыла турган билеттер жок. Мындай сунуштун баары алдамчылык болуп саналат жана адамдарды сак болууга чакырат. Сураныч, шектүү сунуштарга жооп бербеңиз. Жабылуу аземи катышуучуларга гана арналган жана көрүүчүлөр катышпайт», — деп эскертишет уюштуруучулар.
Алардын айтымында, бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн 2500гө жакын спортчу катышып, ар кыл маданияттын жана этностордун өкүлдөрүн спорттун жана көчмөндөр маданиятынын салт-санаасынын масштабдуу майрамына бириктирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси эмнеге кармалды? УКМКнын жообу

УКМК тарабынан «Альянс» фракциясынан ЖК депутаты Гүлкан Молдобекованын кеңешчиси Р.А.Р. деген жаран алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Р.А.Р. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жумушка орношуу үчүн кайрылганда жасалма документтерди жана өзү жөнүндө жалган маалыматтарды берип, […]

Сизге жагышы мүмкүн