V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Алыш бел боо күрөшү боюнча курама команда 7 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен үчөө алтын, бирөө күмүш жана үчөө коло медаль.
Эркектер арасында Баяман Абидинов (60 кг) жана Ирлан Казбек уулу (80 кг) V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду. Калысбек Каюмов (70 кг) жана Азизхан Мусабек уулу (90 кг) коло медалга ээ болушту.
Кыз-келиндер арасында Нагира Сарбашева 75 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болду. Нурзат Бактыяр кызы 65 кг чейинки салмакта 2-орунду ээлесе, Динара Камчыбекова 70 кг чейинки салмак категориясында коло медаль тагынды.

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Ал эми кыз-келиндер арасында Ажар Исаева 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Курама команда машыктыруучусу Райкан Курмановдун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 12-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 30 тыйын болсо, сатуу 84 сом 70 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн