V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары – 2024: Аба ашыртмалы күрөшү боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Автор

Кыргыз Республикасынын аба ашыртмалы күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Роман Сапаров (60 кг), Айболот Аманов (80 кг) жана Бактияр Мирлан уулу (+90 кг) V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын чемпиондору болушту. Бекбосун Сатканкулов 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.
Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 13-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 50 тыйын болсо, сатуу 84 сом 90 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 36 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн