V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Тогуз коргоол боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департамнетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эркектер арасында Марлис Дуулатбеков күмүш медалга татыса, Сырттан Сыргак уулу коло медалга ээ болду.
Кыз-келиндер арасында Азиза Жамансатарова жана Алтынай Шамбетова коло медаль жеңип алышты.
Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты

Бөлүшүү:
Next Post

13-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25, Талас өрөөнүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн