V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көкпар оюнунда кыргыз курамасы Казакстанга жеңилди

Автор

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак курамаларынын көкпар боюнча финалдык оюнда казак курамасы жеңишке жетти. Кошумча убакта эсеп 5:4, казактар жекеме-жеке учурунда улак таштоого жетишти.
Ошентип, Кыргызстандын командасы күмүш медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, биринчи таймда кыргызстандыктардын дарбазасынан кийинки жаңжалдан улам беттеш 30 мүнөттөн ашык токтоп калган.

Коло байгени үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Түркияны 8:2 эсебинде жеңген Орусиядан келген спортчулар алды. Оюндардын алкагында көкпар боюнча тогуз команда катышты.
Белгилей кетсек, бүгүн көк бөрү боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстандын командалары да беттешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Лавров Батыштын алыска атуучу ракета чечимине оюн билдирди

Батыш Киевге узак аралыкка атуучу куралдарды колдонууга чектөөлөрдү алып салган. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. «Бизде РФ аймагына узак аралыкка атуучу куралдарды колдонууга чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынганына эч кандай шек жок. Азыр аны коомдо бир аз кооздоп, жылмалагандай кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышат»,-деп айтты […]

Сизге жагышы мүмкүн