V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Кыргызстандын улуттук курамасын узатуу аземи өттү

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Астанада шаарында үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты.

“Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот”, — деди минкаб төрагасы.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга Мамлекеттик тууну тапшырып, спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Украинага 650 Martlet ракетасы берилет

Улуу Британия Украинага абадан коргонуу системасын чыңдоо үчүн 650 Martlet көп максаттуу ракеталарын жана 300 миллион фунтка артиллериялык ок-дарыларды берет. Жаңы аскердик жардам пакети британ коргоо министри Жон Хили Рамштайндагы жыйында жарыялайт. Бул чечим Хилинин украин кесиптеши Рустем Умеров менен болгон жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Британия 2022-жылдан бери Украинага 7,6 […]

Сизге жагышы мүмкүн