V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына аттарды жана тоют, чөптөрдү жеткирүүгө тендер жарыяланды

Автор

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн катышуучуларды жана аттарды Астанага алып баруу жана алып келүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяда айтылат.
КР Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата катышуучуларды, жылкыларды, тоюттарды, чөптөрдү жана дандарды ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыялады. Бул максаттарга 11 миллион 307 миң 130 сом сарптоо пландалууда. Анын ичинен чөп (652 боо) жана тоют (арпа – 6 миң 129 килограмм, сулу – 1 миң 803 килограмм) ташууга – 1 миллион 241 миң 280 сом.
Бул тендердин алкагында көк бөрү, эр эңиш, чабыш жана башка улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге аттар ташылат. Ошондой эле, Кыргызстандан барган команда малга керектүү тоюттарды, чөптөрдү өздөрү менен кошо ала кетүүнү пландоодо.
Эске сала кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 100дөн ашык мамлекеттен жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Эң көп нан жеген өлкөлөр белгилүү болду

Нан ар бир маданиятта алмаштырылгыс азыктардын бири, бирок аны кылдаттык менен колдонуу керек. Демек, кайсы мамлекет нанды көп жейт? Мына нанды эң көп жеген өлкөлөрдүн тизмеси: 1. ТҮРКИЯ Түркия дүйнөдө эң көп нан жеген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат. Статиста жана Дүйнөлүк банк сыяктуу изилдөө фирмалары тарабынан алынган маалыматтарга караганда […]

Сизге жагышы мүмкүн