Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы күрөштүн биргелешкен дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 2024-жылы биринчи орунга чыкты.
Айпери быйылкы жылы төрт ири турнирге катышкан, анын ичинен Азия чемпиондугун, рейтингдик Zagreb Open жана Ясар Догу мелдешин жеңген.
Натыйжада жыйынтыктоочу көрсөткүчтө ал 46 миң упайга ээ болуп, биринчи орунду ээлеген.
Ал эми Айсулуу Тыныбекова 62 килолук салмакта үчүнчү орунду ээлесе, Мээрим Жуманазарова 68 килолук салмакта бешинчи орунга чыккан.