UWW: Акжол Махмудов жылдын үстөм балбаны деп табылды

Автор

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча “2023-жылдын эң үстөм (dominant) балбаны” деп табылды. Бул тууралуу Эл аралык спорттук уюмдун социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыяланды.
Махмудов быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес. Ал Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан.
Беттештеринин 55%ын мөөнөтүнөн мурда упай топтоп же далысын килемге басып утуп алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектин аймагы үч эсе кеңейет

Бишкектин аймагы дээрлик үч эсе чоңоет. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, акыркы сунуштарга ылайык, ордо калаа аймагы 12 миң 900 гектардан дээрлик 38 миң гектарга чейин кеңейет. Бишкекке 8 айыл өкмөтү жана айрым айыл аймактары кошулат. Мэр белгилегендей, тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек. […]

Сизге жагышы мүмкүн