Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) балбандар арасындагы жаңыланган рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү.
Грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмактагы балбандар арасындагы тизмеде Махмудов 55 миң упай менен биринчи орунга чыкты. Марттын башындагы рейтингде кыргыз балбаны сап башын венгриялык Золтан Леваиге бошотуп берген.
Акжол Махмудовдун тизмеде биринчи орунга көтөрүлүшү анын Азия чемпионатында алтын медаль утканы себеп болду.