UWW: Айсулуу Тыныбекова «Жылдын мыкты балбаны» аталды

Автор

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Маалыматты аталган уюм жарыялады.
UWW 2023-жылы кыргыз спортчусу дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, теңдешкис 95,575 упай чогултканын белгилеген. Ал Азия, дүйнө чемпиондугун багындырып, Венгрия менен Египеттеги рейтингдик турнирлерди утканы жана жылды Азия оюндарынан коло медаль тагынуу менен жыйынтыктаганы жазылган.
Белгилей кетсек, быйыл Айсулуу Тыныбекова 6 эл аралык мелдешке катышып, 4 алтын, 1 коло медаль уткан. Алардын ичинде Тыныбекова Азия жана дүйнө биринчиликтерин утуп, Азиянын 5 жана дүйнөнүн 3 жолку чемпиону болду. Ошондой эле 2 эл аралык рейтингдик мелдеште биринчи орунга татыган. Кытайда өткөн Азия оюндарында коло тагынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский аялдарды мобилизациялоого каршы болду

Владимир Зеленский аялдарды мобилизациялоо боюнча мыйзамды парламент кабыл алса, ага кол койбой турганын билдирди. Ал эми мобилизация жашын 25 жашка чейин түшүрүүнү колдоду. Буга чейин Украина парламентинин депутаты Марьяна Безуглая украиналык аялдарды мобилизацияга жана фронтко барууга чакырган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн