UFC президенти Дана Уайт промоушендин ирландиялык аралаш мушташ боюнча мушкер Конор Макгрегор менен кызматташуусу тууралуу айтып берди. Уайт белгилегендей, Макгрегор лигадагы эң мыкты бизнес өнөктөштөрдүн бири.
«Конор МакГрегор, балким, бизде болгон эң мыкты бизнес өнөктөштөрдүн бири. Акча табууга келгенде, Конор эң кыйын өнөктөш. Мыкты бизнесмен», – деди Уайт маалымат жыйынында.
Учурда Конор 35 жашта. Ал UFCге 2013-жылы кошулган. Жалпысынан ирландиялык аралаш мушташ боюнча 28 беттеш өткөрүп, анда 22 жеңишке жетип, алты жеңилүү ызасын тарткан.