Кыргызстандык балбан албан Асан Жанышов Испанияда өткөн дүйнө чемпионатында 20 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.
Жанышов 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, сапарын 1/8 финалдан баштады. Ал Грузия, Швеция жана Румыниядан келген атаандаштарын үч жолу катары менен жеңип, финалга чыгууну камсыздаган.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык азербайжандык балбан Жожа Самадовду 7:0 эсебинде жеңип, өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду.