U-23: Асан Жанышов дүйнө чемпионаттында коло медалга ээ болду

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 87 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште венесуэланын балбаны Браян Руиз Маринди 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште армениялык Виген Назарянды 6:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште украинанын балбаны Владислав Даягилёвду 6:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште россиялык Ауэс Гонибошко утулуп калган.
Коло медаль үчүн беттеште америкалык спортчу Пэйтон Джейкобсон Чхиквадзени жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпионатынын коло медалына ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Анкарада теракта курман болгондордун саны 5ке жетти

Анкарадагы TUSAS аэрокосмостук компаниясына жасалган кол салууда курман болгондордун саны 5ке жетти. Дагы 22 адам жаракат алганын, алардын үчөө оорукандан чыгарылганын Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая билдирди. Ички иштер министри террористтердин өздүгү жана кайсы уюмга тиешелүү экендиги тууралуу маалыматтар иликтөө иштери аяктагандан кийин жарыяланарын кошумчалады. 23-октябрдын кечинде авиацияны долбоорлоо […]

Сизге жагышы мүмкүн