U-20: Кыргызстандык балбан Асан Жанышов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал турнирге 87 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Балбан алгачкы беттеште Грузиялык Ачико Боквадзени 11:3, чейрек финалда швециялык Хамза Сертканлини 7:3, ал эми жарым финалда румыниялык Патрик Горданды 8:0 эсебинде жеңген.
Финалдык беттештер бүгүн, 3-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат. Анда кыргызстандык балбан алтын медаль үчүн азербайжандык Жоджу Самадов менен күрөшөт.
Эскерте кетсек, U-20 дүйнө чемпионаты 4-7-сентябрь күндөрү Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жатат

Бөлүшүү:
Next Post

Ири ишкерлерди камакка албоону сунушташууда

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ири ишкерлерди кармоо учурунда камакка албоо боюнча Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат. Өзгөртүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин “Камакка алуу” бөлүгү боюнча киргизилмекчи. Авторлор тергөөнүн жана соттун органдарынан качкан адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген же өзгөчө ири өлчөмдө киреше тапкан кылмыштарды […]

Сизге жагышы мүмкүн