U 20: Бүгүн Кыргызстан-Түркмөнстан жаштар арасында футбол беттеши өтөт

Автор

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия кубогуна тандап алуу оюндары алкагында Кыргызстан курамасы Түркмөнстан менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш саат 20.00дө башталат.
Ал эми саат 18.00дөн баштап бардык футбол күйөрмандарына шоу-программаны да көрүшөт.
Эске сала кетсек, тандоо турнирине 10 тайпага бөлүнгөн 45 команда катышууда. Өз тайпаларында биринчи орунду ээлеген командалар, ошондой эле экинчи орунду алган алты мыкты команда Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын Украинага жардам берери белгилүү болду

Кытай Украинага кошумча гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ТИМ башчысы Ван И БУУнун Ассамблеясында украиналык кесиптеши Андрей Сибига менен жолугушууда айтты. «Кытай буга чейин Украинага төрт жолу жардам берди жана муктаждыктарга жараша дагы жардам берүүгө даяр», — деди Ван И. Ошондой эле ал Украинадан кытай жарандарынын коопсуздугун […]

Сизге жагышы мүмкүн