Амманда (Иордания) өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Нурсадык Нурдинов чемпион болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылды.
Маалыматка ылайык, 22-30-июнь аралыгында өтүп жаткан мелдешке 17 жашка чейинки балбандар катышууда.
Нурсадык Нурдинов эркин күрөш боюнча мелдешке 65 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. Ирактын, Монголиянын жана Казакстандын спортчуларын жеңип, кыргызстандык балбан финалга чыгып, анда индиялык Омкар Бабасахеб Каткарды жеңип, өз жаш категориясында Азия чемпиону болду!
Кыргызстандык дагы бир балбан Самидулло Алимжанов 80 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль тагынды.
Эл аралык кылмыш соту Шойгу менен Герасимовду камакка алууга ордер берди
Шар Июн 26 , 2024