Россиянын президенти Владимир Путин америкалык Time журналынын версиясы боюнча жылдын адамы наамына талапкерлердин тизмесине кирди. Кыска тизмеде тогуз талапкер бар. Жеңүүчү 6-декабрда белгилүү болот.
Бул наамга талапкерлердин арасында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, рекорддук кирешеге ээ болгон ырчы Тейлор Свифт, жана OpenAI компаниясынын башчысы Сэм Альтман бар. Бул компания ChatGPT жасалма интеллектинин иштеп чыгуучусу экени такталган. Кыска тизмеге бул жылы Улуу Британиянын тактысын ээлеген британ монархы Чарльз III, рекорддук кассага ээ болгон Барби тасмасы кирген.