Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев TikTok сервиси жабылганы менен жаш балдарга чейин тиркемени VPN аркылуу колдонуп жатканын айтып, мындан пайда жок экенин белгиледи.
Депутаттын айтымында, тиешелүү министрлик сервистин жетекчилиги менен таанышып, Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу керек.
Кесиптешинин мындай пикикрин депутат Дастан Бекешев да колдоого алып, Tik-Tok учурда жарнама аркылуу туризмди өнүктүрүүгө да жардам берерин кошумчалады.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасында TikTok платформасына кирүү 2024-жылдын апрель айында жабылган. Мындай чечим Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин катынын негизинде кабыл алынганын санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирген эле.
Кочкордо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамалекетке кайтарылды
Бей Янв 23 , 2025