Telegram тиркемесинин негиздөөчүсү Павел Дуров Францияда сурак учурунда жылына бир дирхам же 25 рубль гана табаарын билдирген. Бул тууралуу Le Monde басылмасы маалымдады.
Дуров Telegram тармагындагы жеке кирешесин дал ушундай суммада баалаган. Негизинен анын байлыгы 9дан 15,5 миллиард долларга чейин деп бааланат. Маалыматтарга караганда башында француз прокуратурасы Дуров үчүн 20 миллион евро күрөө сураган. Сот аны 5 миллионго чейин азайткан.
Дуров Францияда. Ага өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинин алты беренесин бузду деген айып тагылган. Андыктан Франциядан 2025-жылдын март айынан эрте чыга албайт.