Телеграмдын негиздөөчүсү Борбордук Азияга барат

Автор

Телеграм мессенжерин түзгөн Павел Дуров быйыл жайында Борбордук Азия өлкөлөрүнө барууну пландап жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Tелеграм каналында билдирди. «Дубайда аба ырайы ысып баратат жана бардык досторум белгилүү жайларга, мисалы, Франциянын түштүгүнө кетип жатышат. Мен бул өлкөнүн жараны катары Франция эс алуу үчүн эң сонун багыт экенине кошулам»,-деп жазган ал.
Бирок Дуров Телеграмдын башкы директору катары өргүүгө чыкпаганын белгиледи. Анын ордуна ишин улантып, өзгөчө жерлердеги колдонуучулар менен жолугушат.
«Жайында мен Борбордук Азияны изилдеп, жашоо-тиричилик менен таанышып, адамдар Tелеграмды кантип колдонуп жатканын жана биздин колдонуучулардын санарип муктаждыктарын үйрөнүүнү чечтим»,-деген Дуров бардык ачылыштарын өз каналында билдирип турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстан–Оман беттеши өтөт

Бүгүн, 11-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Кыргызстан – Оман беттеши өтөт. Футбол боюнча улуттук курамалардын мелдеши Омандын борбору Маскат шаарындагы «Султан Кабус» атындагы спорт комплексинде өтөт. Мында кыргыз спортчулары ак, омандыктар кызыл түстөгү формалар менен чыгышат. Аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында […]

Сизге жагышы мүмкүн