Орусиядагы өрттөн, беш кыргызстандык жабыркады

Автор

Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга кыштагында кафеде өрт чыгып, Кыргызстандын беш жараны ар кандай деңгээлде жаракат алган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуядан кийин 17-февралда Кыргызстандын эки жараны текшерүү үчүн Ленинград облустук ооруканасына жеткирилген, дагы үчөөнө облустагы Гатча ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга кое […]

Бүгүнкү доллардын курсу

Автор

Бүгүн, 18 -февраль саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 45 тыйынга чейин болсо, сатуу 87 сом 80 тыйын болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 45 тыйын деп көрсөтүлгөн

БУУ Эр-Рияддагы жолугушууну көзөмөлдөйт

Автор

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин өкүлү Россия менен АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн 18-февралда Сауд Аравиясынын борбору Эр-Риядда өтө турган жолугушуусунун жыйынтыктарын көзөмөлдөп турушарын айтты. «Сиздер билесиздер, биз бул жолугушууну, албетте, байкап жатабыз. Мамлекеттер ортосундагы, айрыкча Коопсуздук Кеңешинин эки туруктуу мүчөсүнүн ортосундагы ар кандай диалог алардын маанилүү ролун эске алганда абдан […]

Бишкекте жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды

Автор

Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясында эркектер жана кыз-келиндер арасында жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын биринчилиги аяктады.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 189 спортчу катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды. Эркектер арасында жыйынтык: […]

Лавров менен Ушаков Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөргө келишти

Автор

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Эр-Риядга келишти. Алар Россия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышат. Юрий Ушаков “Россия-24” телеканалынын эфиринде сүйлөшүүлөргө Киев катышпай турганын айтты. «Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн америкалык кесиптештерибиз менен жолугушууга келдик. Бул эки тараптуу сүйлөшүүлөр. Бирок украин делегациясы дагы Эр-Риядга келген»-деди. Ал […]

18-февралга карата аба ырайы

Автор

18-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз […]