Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматтан бошотулду

Автор

Санариптик өнүктүрүү министри Кутнаева Нурия Асылбековна кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Нурия Кутнаева ээлеген кызмат ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.

Иван Ярыгин Кубогу: Кыргызстандын балбандары медалсыз калышты

Автор

Красноярск шаарында эркин күрөш боюнча өткөн “Иван Ярыгиндин кубогу” эл аралык турниринде кыргызстандык спортчулар медалсыз калышты. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, эркектер жана аялдар арасында жалпысынан 20 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын командасына 14 спортчу кирген, алар жеңүүчүлөрдүн тизмесине кире албай калышты. Расмий эмес командалык эсепте 17 алтын, […]

Словакиянын премьер-министри Зеленскийди коркутту

Автор

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо, эгерде президент Владимир Зеленский Украинанын аймагы аркылуу газ транзитин кайра жандандырбаса, анда ал Еврокеңештин Украинага каржылык жардамын бөгөттөөгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, бул чечим Украина Словакияга газ жеткирүүнү камсыздайбы же жокпу, ошого жараша кабыл алынат. «Эгерде Зеленский Украина аркылуу газ транзитин баштабаса жана Словакияга газ […]

Англис тилин үйрөнүүнүн эффективдүү жолдору

Автор

Англис тилин үйрөнүүнүн эффективдүү жолдору: 1. Чөмүлүү. * Өзүңүздү англис тили менен курчаңыз: англис тилинде субтитрлер менен тасмаларды жана сериалдарды көрүңүз, подкасттарды угуңуз, китептерди жана макалаларды окуңуз. Баарын түшүнбөсөң да, убакыттын өтүшү менен тилге көнүп каласың. 2. Тиркемелерди жана онлайн ресурстарды колдонуу. * Duolingo, LingQ, Anki (флешкарталар) сыяктуу колдонмолор жаңы […]

Жанар Акаев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине көңүл бурууга чакырды

Автор

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин боюнча маселе көтөрдү. Эл өкүлү ““Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси Улуттук деген макамга туура келбей жатат. Кызматкерлердин айлыгы, каржылык төлөмдөрү каралбай жатат. Эки жылдан бери парламентте чечим кабыл алып, Каржы министрлигине сунуштарда киргизгенбиз. Мына 2025-жылы айлыктар 3 эсеге […]

Россиянын 9 аймагы дрондордун чабуулуна кабылды

Автор

Шаршембиге караган түнү, 29-январда Украина Куралдуу Күчтөрү Россияга жүздөн ашык учкучсуз түзүмдөрдү (дрондорду) учурду. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги Telegram-каналында билдирди. Жалпысынан абадан коргонуу күчтөрү 104 дронду кармады. Украина Куралдуу Күчтөрүнүн чабуулуна Россиянын тогуз аймагы кабылды. Эң көп дрон же 47си Курск аймагында атып түшүрүлдү. 27 дрон Брянск облусунун, 11 […]