Бишкекте “Агро-Диалог-2025” аталышындагы агроөнөр жай форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, форумда республиканын бардык дыйкан-фермерлери айыл чарба тармагынын ар бир багыты боюнча ийгилик жараткандар жана ишкерлер менен баарлашып, мыктылар өз тажрыйбасын ортого салышат. Талкуунун жыйынтыгында агроөнөр жай тармагында өнөктөштөрдү […]
Бразилиянын президенти Жеңиштин 80 жылдыгына чакырууну кабыл алды
Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Москвадагы салтанаттуу иш-чараларга катыша турганын тастыктады. Ал бул чакырууну Россия президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда алган. Президент Лула 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого Москвага чакыргандыгы үчүн Россияга ыраазычылык билдирди […]
Жамандык, жакшылыктарды уюштуруу тартиби жөнгө салынат. Мыйзам долбоору сунушталды
Жамандык, жакшылыктарды уюштуруу тартибин жөнгө салган мыйзам долбоору даярдалды. Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылган документти депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев иштеп чыккан. Сунушталган документтер төмөнкүдөй өзгөртүулөр сунушталат: Маркумду узатуу Маркумду узатууда ага катышуучулардын саны чектелбестен жана майда жандык, жылкы, бодо мал союлбастан өткөрүлөт. Маркумду узатуудан кийин үч күн […]
Кыргызстанда 28 миңге жакын бош жумуш орду бар
Бүгүнкү күндө өлкөдө 28 миңге жакын бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мекемеден билдиргендей, жумуш издегендер ведомствонун аймактардагы башкармалыктарына кайрылса болот. Кызматкерлер ошол аймактагы жайгашкан мекеме-ишканалардагы бош орундарды аныктап беришет.
Тышкы иштер министринин өкүлү менен Азербайжандын элчиси учак кырсыгын талкуулады
Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Москвадагы Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар Казакстандын Актау шаарында «Азербайжан авиалиниялары» авиакомпаниясына таандык учактын кулашы боюнча маселени талкуулашты. Анда расмий иликтөөнүн аякташы жана анын жыйынтыктарынын жарыяланышы зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Бул кырсыктын бардык жагдайларын толук аныктоо үчүн керек […]
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы кантип чечилгенин айтып берди
Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине чакан маек куруп, кыргыз-тажик чек арасы кандай шарттарда чечилгенин, шахматтын доскасы сыяктуу жайгашкан үйлөрдүн тагдыры кандай болору тууралуу айтып берип, кыскача маек курду. «Чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат. Кагаз иштери бүткөндөн кийин алгач эки өлкөнүнүн өкмөттөр аралык […]