New York Times гезити Трамптын жеңишин 88 пайыз менен болжолдоду

Автор

Америкалык The New York Times гезити АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгын болжолдогон «шайлоо ийнеси» аттуу куралды ишке киргизди. Башында бул шайман эки талапкердин утуп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн тең көрсөтүп турса, кийинчерээк республикачылардан талапкер Дональд Трамптын жеңүү мүмкүнчүлүгүнө ооп кетти. Курал анын жеңүү мүмкүнчүлүгүн 88 пайыз деп баалады.
Бул курал шайлоонун жыйынтыгын онлайн режимде тактап турат. 88 пайыз көрсөткүч Трамп үчүн Флорида штатындагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы күтүлгөндөн жакшыраак болгонун чагылдырат.
Маалыматтарга ылайык, бюллетендердин 97 пайызы саналгандан кийин Трамп бул штатта 56,2 пайыз добуш алса, Харрис 42,9 пайыз добушка ээ болду.
The New York Times «шайлоо ийнеси» боюнча түшүндүрмөсүндө шайлоонун жыйынтыгын 93 шайлоочулар коллегиясынын добушу бар жети штат чечерин белгилейт. Булар Невада, Пенсильвания, Мичиган, Висконсин, Аризона, Түндүк Каролина жана Жоржия штаттары. Гезиттин маалыматы боюнча бул штаттардын баарында азырынча Дональд Трамп жеңүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Жакынкы үч саат ичинде Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. “Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат”, – деп айтылат […]

Сизге жагышы мүмкүн