KFU Football Awards – мыкты футболчуларды сыйлоо аземи өтөт

Автор

Кыргыз футбол биримдиги футболдогу жетишкендиктер үчүн индивидуалдуу сыйлыктарды тапшыруу аземин өткөрөт. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, KFU Football Awards – өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын футбол тармагындагы эң мыктыларын сыйлоо аземи.

Салтанаттуу азем 10-декабрда орун алат. Аземди Кыргыз Спорт ТВ каналы түз алып берет.

Сыйлыктар төмөнкү категориялар боюнча өз ээлерин табат:

Кыргыз Республикасынын мыкты оюнчусу;
Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу;
Футзалдын мыкты оюнчусу;
Футболдун мыкты жаш оюнчусу;
Футболдун мыкты машыктыруучусу;
Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу;
Футзалдын мыкты машыктыруучусу;
Футболдун мыкты калысы;
Футзалдын мыкты калысы;
Мыкты спорттук уюм;
Мыкты регионалдык ассоциация;
Мыкты футбол клубу.
Белгилей кетсек, “Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу” номинациясы бул жылы жаңы түзүлдү.

Ар бир сыйлыкка болгон талапкерлердин тизмеси кошумча жарыяланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп Канадага АКШнын 51-штаты болууну сунуштады

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен сүйлөшүүсүндө Канаданын АКШнын 51-штаты болушу керектиги тууралуу тамаша кылганын Fox News телеканалы билдирди. Телеканалдын маектештери шайланган президенттин АКШнын курамына кошулуу сунушуна премьер-министр Трюдонун «туталанып күлүү» менен жооп бергенин айтышты. Саясатчылардын сүйлөшүүсү 29-ноябрда болгон. Бул сүйлөшүү Трамптын Канада жана Мексикадан […]

Сизге жагышы мүмкүн