Kan: Учкучсуз учак Израилдин премьер-министринин бөлмөсүнө тийген

Автор

Ливандын «Хезболла» кыймылы тарабынан 19-октябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун резиденциясына карай учурулган дрон анын үйүнүн уктоочу бөлмөсүнүн терезесине тийип, зыян келтиргенин Израилдин мамлекеттик Kan радиостанциясы кабарлады.
Чабуул маалында эч ким жабыркаган жок. Нетаньяху үйүндө болгон эмес.
Kan радиостанциясынын маалыматына ылайык, ошол күнү резиденцияга карай эки дрон учурулган, алардын бири Кесариядагы башка бир имаратка урунган.
Биньямин Нетаньяху резиденциясына жасалган чабуул боюнча түшүндүрмөсүндө Ирандын агенттери аны жана аялы Сараны өлтүрүүгө аракет кылышканын айткан. Үйгө чабуул боюнча жоопкерчиликти 22-октябрда «Хезболла» өзүнө алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБнин ишин текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, энергетика объектисинин иши менен таанышты. Минкаб төрагасы борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен бирге ЖЭБдин бир катар объектилерин текшерди. Белгилей кетсек, ТВЕА компаниясы эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрдү. Акылбек Жапаров […]

Сизге жагышы мүмкүн