IX Азия оюндарына кыргыз спортчулары катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 7-14-февраль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында болот. Оюндар 11 спорттун түрүнөн өтүп, 64 комплект медаль ойнотулат.
Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашуун спортчу катышары күтүлүүдө.
Спорттук иш-чара “Азиянын борборундагы кышкы кыялдар, сүйүү” деген ураан астында өтөт.
Белгилей кетсек, Азия оюндары буга чейин 1996-жылы Харбин шаарында өткөн.