iPhone 16: Жасалма интеллекти менен өзгөчөлөндү

Автор

Apple компаниясы дүйнөгө жаңы iPhone 16 моделин тааныштырды. Бул түрүндө жасалма интеллект чоң роль ойнойт. Анын презентациясы Нью-Йорк шаарында өттү. 16-моделде Apple Intelligence аталышында жасалма интеллект бар. Анын милдетине тексттик билдирүүлөрдү оңдоо, эмодзилерди жаратуу жана тексттик сурамдар боюнча колдонуучунун сүрөттөрүн жана видеолорун издөө кирет.
iPhone 16да Siri аталышындагы үн жардамчысы жакшыртылган. Мындан тышкары, телефонго орнотулган нейросеть камера аркылуу объекттерди тааный алат.
Өндүрүүчү 15 Pro моделиндегидей эле, камераны башкаруу баскычын түз корпуско чыгарган. Бул телефонду фотоаппаратка окшоштуруп, сүрөт жана видео тартууну жеңилдетет.
Жаңы iPhone 16 модели беш түстө болот. Экран мурдагысына караганда 50 пайызга жакшыртылган. Диагоналы iPhone 16да 6,1 дюйм жана iPhone 16 Plus 6,7 дюйм.
iPhone 16 мурдагысына караганда 40 пайыз ылдамыраак. Жаңы iPhone 16нын баасы – 799 доллар. Ал эми iPhone 16 Plus 899 долларга бааланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстан - Өзбекстан матчында атайын шоу-программа болот

Бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн бир гана футбол күнү болбостон, Дөлөн Өмүрзаков атынданы стадиондогу бардык күйөрмандардын чыныгы майрамына айланат. 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун үчүнчү раундунун алкагында сиздерди чоң шоу күтүп турат: Алып баруучу — Улук […]

Сизге жагышы мүмкүн