III Элдик курултай: 98 жаштагы эң улгайган делегатка белек тапшырылды

Автор

Бүгүн, 20-декабрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүп жатат.
Алгач III Элдик курултайда эң улгайган делегатка президент Садыр Жапаровдун атынан белек тапшырылды.
Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, 98 жаштагы Улукбек Эргешов Чүй облусунан делегат катары шайланып келген.
Ага тебетей кийгизилип, чепкен жабылды.
Учурда курултайдын уюштуруу иштери уланып, Эсептөө комиссиянын жана Улуттук Кеңештин төрагалары шайланып жатат

Бөлүшүү:
Next Post

Өлгөн адамдарды арстанга жедирген

Сириянын качкын президенти Башар Асаддын эң жакыны катары билинген жана Асад режиминин эң коркунучтуу адамы деп таанылган Талал Даккак Шамдын борбордук аянтында өлүм жазасына тартылды. Ал Сириядагы түрмөлөрдөн жооптуу болгон. Маалым болгондой, үйүндө арстандарды баккан. Седнейа түрмөсүндө өлгөн адамдарды арстандарына жедирген. 2018-жылы “Sky News Arabia” маалымат агенттиги анын тирүү атты […]

Сизге жагышы мүмкүн