Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана керек. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Ош облусунан келген делегат Анархан Айдарова билдирди.
Анын пикиринде, өлкөнүн түштүгүндө онкология ооруканасы башкы көйгөйлөрдүн бири. Азыр бала бакчанын имараты онкологиялык ооруканага катары колдонулууда.
“Эл каякка барышын билбейт. Шаардын так ортосунда мечиттин тушунда бала бакчанын имаратын онкологиялык ооруканага катары пайдаланып, операциялар жасалып жатат. Буга байланыштуу түштүк жакка онкологиялык оорукана керек”, – деди ал.