III Элдик курултай: Садыр Жапаров чек ара маселесине токтолду

Автор

Көптөгөн жылдар бою ар бир жараныбызды түйшөлткөн, аярлуу жана курч маселелерибиздин бири – өлкөбүздүн чек ара маселеси эле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда билдирди.
Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилгендигин сыймыктануу менен айта алаарыбызды белгиледи.
“Коңшубуз – Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калды.
Чек ара маселелери боюнча бири-бирибизди түшүнүүнүн жана бардык тараптан сүйлөшүүлөрдүн, дипломатиялык чеберчиликтин, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бекем берилгендиктин аркасында гана ийгиликтерге жетишилди. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ.
Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташтууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага чектеш жайгашкан аймактарыбызды гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Баарынан да чек арага жакын орун алган мекендештерибиздин коопсуздугу жана ошондой эле келечеги камсыз болду.
Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртуунун аянтчасы болуп калды”, – деди президент

Бөлүшүү:
Next Post

III Элдик курултай: Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана керек

Өлкөнүн түштүк аймагына онкологиялык оорукана керек. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Ош облусунан келген делегат Анархан Айдарова билдирди. Анын пикиринде, өлкөнүн түштүгүндө онкология ооруканасы башкы көйгөйлөрдүн бири. Азыр бала бакчанын имараты онкологиялык ооруканага катары колдонулууда. “Эл каякка барышын билбейт. Шаардын так ортосунда мечиттин тушунда бала бакчанын имаратын […]

Сизге жагышы мүмкүн