Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен III Элдик курултай өтүүдө. Бүгүн, 21-декабрда анын ишинин экинчи күнү өтүп жатат.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышууда. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү келишти.
Курултайдын биринчи күнүндө 105 адам чыгып сүйлөп, алар өлкөнү комплекстүү өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга умтулууну чагылдырган маселелерди айтышты.
Делегаттар инфраструктураны өнүктүрүүгө жана суу менен камсыздоону жакшыртууга басым жасап, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан колдоо маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле айыл чарбасын жана ишкерликти колдоо боюнча чараларды көрүү өтүнүчтөрү айтылды.
Белгилей кетсек, III Элдик курултайга катышкан делегаттардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары 30 делегат Россия, АКШ, Канада, Түркия, Германия, Түштүк Корея, Казакстан, Чехия, Италия жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү. Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн. Үчүнчү Элдик курултай 20-21-декабрь күндөрү өтүп жатат.