III Элдик курултайга 700 делегат шайланды

Автор

Үчүнчү Элдик курултайга делегаттар шайланды. Бул тууралуу курултайдын катчылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында, 14 облустук маанидеги, 17 райондук маанидеги шаарларда, ошондой эле 231 айыл аймактарда жыйындар өттү.
Кыргызстандан жалпы 640 делегат, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 30 делегат жана этникалык жамааттардан 30 делегат шайланды.
Белгилей кетсек, III Элдик курултай 20-21-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Учурда курултайга даярдык көрүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир аптада сасык тумоонун 5 миңден ашык учуру катталды

Кыргызстанда бир жума ичинде КРВИ жана сасык тумоонун 5миң 140 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 49-жумасында КРВИ жана сасык тумоонун 5миң 140 учуру катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 3,8%га көп. Ооругандардын ичинен 71,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Ошондой эле, республикада COVID-19 илдети боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн