III Элдик курултайга 700 делегат шайланат

Автор

Кезектеги III Элдик курултайга700 делегат шайланат жана толук шайлоо күнү 7-декабрда болот. Бул тууралуу Элдик курултайды өткөрүү, координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү Чолпонкул Арабаев билдирди.
Анын айтымында, III Элдик курултайга берилген квота боюнча Баткен облусунан 58, Жалал-Абад облусунан 110, Ысык-Көл облусунан 51, Нарын облусунан 43, Ош облусунан 128, Талас облусунан 32, Чүй облусунан 101 делегат, ал эми Бишкектен 74, Ош шаарынан 43 делегат катышат. Ошондой эле облус жана шаарлардан тышкары мигранттардан 30, этностук өкүлчүлүктөрдөн 30 делегат келмекчи.
“Жылдан жылга Элдик курултайды уюштуруу деңгээли, даярдык иштери жакшырууда. Жеринде Элдик курултайдын делегаттары шайланып, жер-жерлерде өкүлчүлүктөрдүн жыйындары өтүп жатат. Ал эми 7-декабрда Кыргызстан боюнча толук Элдик курултайдын шайлоо күнү болуп, Элдик курултайга делегаттар шайланат. Кыргызстан боюнча делегаттарга 700 квота бөлүнгөн. Ошондой эле, III Элдик курултайда былтыркы курултайда берилген сунуштардын канчасы аткарылды, канчасы аткарылган жок деген маселе боюнча маалымат берилет деген ойдомун”, – деди Арабаев.

Бөлүшүү:
Next Post

«Манас» эл аралык аэропорту» атын өзгөртөбү?

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК атын өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе компаниянын акционерлеринин 19-декабрга белгиленген жыйынында талкууланат. «Акционерлерге эки вариант сунушталат, алар азырынча ачыктала элек. Манас аэропортунун аты кала берет. Ал Бишкек филиалы болот. Акционердик коомдун аталышы өзгөрөт», — деп белгиледи компания. […]

Сизге жагышы мүмкүн