I жарым жылдыкта  соцжардам көрсөтүүгө 9,6 млрд сом бөлүндү

Автор

2023-жылдын I жарым жылдыгында калкка социалдык жардам көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 9,6 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

 

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

 

– 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул “Үй-бүлөгө көмөк” – 2,7 млрд сом;

– “Балага сүйүнчү” баланын төрөлгөндүгү үчүн бир жолку жөлөк пул – 292,1 млн сом;

– социалдык жөлөкпулдар – 4,2 млрд сом;

– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар – 287,4 млн сом;

– сөөк коюу кызматтарын көрсөтүүгө – 37,2 млн сом;

– калкка жеңилдиктердин ордуна компенсациялар (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин катышуучулары ж.б.) – 515,6 млн.

– кесиптик окууга чыгашалар (жумушсуздарды окутууга) – 17,2 млн сом;

– коомдук иштерди уюштурууга кеткен чыгымдар – 29,4 млн сом;

– аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракт – 987 млн сом;

– туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жеке жардамчысы үчүн – 568,2 млн сом;

Бөлүшүү:
Next Post

8-августта күтүлгөн аба ырайы

8-августка караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;   […]

Сизге жагышы мүмкүн