G7 өлкөлөрү Иранды коркутту

Автор

Чоң жетиликке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Ирандын Израилге жасаган чабуулун айыптап, кырдаалды турукташтыруу үчүн аракет көрүүгө чакырышты. Бул тууралуу расмий билдирүү Ак сарайдын сайтында жарыяланды.
Билдирүүдө “Чоң жетиликтин” лидерлери Ирандын Израилге болгон “түз жана болуп көрбөгөндөй чабуулун” ачык жана катуу айыптайт. Чоң жетиликтин лидерлери Израилге жана анын элине толук тилектештигин жана колдоосун билдиришти.
“Биз кырдаалды турукташтыруу жана мындан ары курчушуна жол бербөө боюнча иштерди улантабыз. Биз Ирандан жана анын ишенимдүү өкүлдөрүнөн чабуулдарын токтотууну талап кылабыз жана мындан ары дестабилдештирүүчү демилгелерге жооп катары азыртан жана мындан аркы чараларды көрүүгө даярбыз. Газа тилкесиндеги кризисти токтотуу, ок атышпоо жана ХАМАСтын барымтадагыларды бошотуу үчүн иштөөнү улантуу, ошондой эле муктаж болгон палестиналыктарга гуманитардык жардамды көбөйтүү аркылуу кызматташуубузду бекемдейбиз”,-деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, өткөн түнү Иран Израилге жүздөгөн учкучсуз учактар ​​жана баллистикалык ракеталар менен кол салган. Израилге ракеталар бир нече өлкөнүн, анын ичинде Йемен, Ливан, Ирак жана Сириянын аймагынан атылганы айтылды. Ал арада АКШ менен Улуу Британия Израилге аскерий жардам көрсөтүштү. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылуусунда өлкө Ирандын чабуулуна даяр экенине ишендирип, кол салууга жооп кайтарууга убада берди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Азия чемпионатында Акжол Махмудов баштаган балбандар килемге чыгат

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында бүгүн, 15-апрелде грек-рим күрөшү боюнча мелдештер старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күрөштүн бул түрү боюнча бүгүн жалпысынан 5 медаль топтому ойнотулат. Кыргызстандын намысын 55 кг, 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг чейинки салмак ченинде […]

Сизге жагышы мүмкүн