G20 саммитине Кытайдан премьер Ли Цян катышат

Автор

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Индиянын Нью-Дели шаарында өтө турган Чоң жыйырмалыктын лидерлеринин 18-жыйынына катышат.
Буга чейин Reuters агенттиги АКШ лидери Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Индиядагы G20 саммитине келбей калышы мүмкүн экенине өкүнүп жатканын жазган.
Чоң жыйырмалыктын саммити Индиянын борборунда 9-11-сентябрь аралыгында өтөт. Жыйынга Россиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 4,4 миң жеке үй пайдаланууга берилди

Үстүбүздөгү жылдын жети айында  жалпы аянты 512 миң чарчы метрди түзгөн 4 миң 350 жеке турак жай пайдаланууга берилди. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,8% аз. Ушул жылдын январь-июль айларында жеке турак жайларды курууга негизги капиталга 10 млрд 864,1 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү же өткөн […]

Сизге жагышы мүмкүн