G20 лидерлери Украинадагы абалды жөнгө салууну колдошот

Автор

«Жыйырмалык тобунун» (G20) лидерлери Украинадагы кагылышууну жөнгө салууга байланыштуу бардык учурдагы жана конструктивдүү демилгелерди колдошот. Бул Бразилияда өткөн саммиттин жыйынтык декларациясынан белгилүү болду. Документте жаңжал энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна, ошондой эле глобалдык логистикалык чынжырларга терс таасирин тийгизгени айтылат.
«Биз Бириккен Улуттар Уюмунун Уставындагы бардык максаттар жана принциптерге ылайык, элдердин ортосундагы тынчтык, достук жана жакшы коңшулук мамилелерин алдыга жылдыруу үчүн жалпы, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты колдоого багытталган бардык учурдагы жана конструктивдүү демилгелерди кубаттайбыз»,-деп айтылат документте.
Мындан тышкары, мамлекет башчылары кагылышууларда «адамзаттын азаптарына» көңүл бурушуп, өз билдирүүлөрүндө өзөктүк куралсыз дүйнө түзүүнү колдошкон.
«Жыйырмалык тобунун» саммити Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Оштогу мектепте жылуулугу жок окуп жатышат

Ош шаарындагы N:20 Исхак Раззаков атындагы мектеп биртоп көйгөйлөрү менен иштеп жатат. Учурда мектепте жылуулук жок, окуучулар калың кийимдерин чечпей окуп жатышат. 3000 ашык окуучу окуган билим уясынын абалы оор бойдон калууда. Мектеп гимназия 2013-жылы курулган. Долбоор боюнча анын жылуулугу шаардык жылуулукка уланышы керек эле. Бирок, 2024-жылга чейин көп кабаттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн