G20га төрагалык кылган Бразилия жыйынга “Адилеттүү дүйнөнү жана планетанын туруктуу өнүгүүсүн түзүү” деген теманы тандады.
Жыйынга Чоң жыйырмалыктын тышкы иштер министрлеринен тышкары Бразилия Ангола, Египет, БАЭ, Испания, Нигерия, Норвегия, Португалия жана Сингапурдун, ошондой эле эл аралык уюмдардан БУУ, ДССУ, ЮНИСЕФтин өкүлдөрүн чакырды. Иш-чара Рио-де-Жанейродогу эң коопсуз аймактардын бири Глорияда өтөт.