Forbes эң көп маяна алган футболчулардын рейтингин жарыялады

Автор

“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Forbes журналынын версиясы боюнча эң көп маяна алган футболчулардын рейтингинде биринчи орунга чыкты.
39 жаштагы португалиялык бул сезондо 285 миллион доллар табат. Роналду саудиялык клуб менен түзүлгөн келишимге ылайык 220 миллион доллар алат, дагы 65 миллион доллар футболдук эмес ишмердүүлүктөн, анын ичинде жарнамалык контракттардан жана үчүнчү тараптын бизнес долбоорлорунан келет.
Алдыңкы 3 рейтингге ошондой эле “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси жана “Аль-Хилалдын” чабуулчусу Неймар кирди. Месси футболдук эмес ишмердүүлүктөн түшкөн киреше боюнча лидер болуп калды, бул ага 75 миллион доллар алып келет.
2024/25 сезонунда дүйнөдөгү эң көп айлык алган 10 футболчулар:

Криштиану Роналду («Аль-Наср») – 285 (220+65) миллион доллар;
Лионель Месси («Интер Майами») – 135 (60+75) миллион доллар;
Неймар («Аль-Хилал») – 110 (80+30) миллион доллар;
Карим Бензема (Аль-Иттихад) – 104 (100+4) миллион доллар;
Килиан Мбаппе («Реал Мадрид») – 90 (70+20) миллион доллар;
Эрлинг Холанд (Манчестер Сити) – 60 (46+14) миллион доллар;
Винисиус Жуниор («Реал Мадрид») – 55 (40+15) миллион доллар;
Мохамед Салах («Ливерпуль») – 53 (35+18) миллион доллар;
Садио Мане («Аль-Наср») – 52 (48+4) миллион доллар;
Кевин Де Брюйне («Манчестер Сити») – 39 (35+4) миллион доллар.

Бөлүшүү:
Next Post

Чаткалда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын бирөөсүнүн сөөгү табылды

Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, маркум 46 жаштагы К.К. аттуу жаран болуп чыккан. Анын сөөгү саат 12:45те табылган. Учурда калган беш адамды издөө иштери уланууда. Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык […]

Сизге жагышы мүмкүн