Forbes: Илон Маск мындан ары дүйнөдөгү эң бай адам эмес

Автор

Француз миллиардери Louis Vuitton Moet Hennessy (LVMH) компаниясынын башкы директору Бернар Арно компаниясынын акциялары европалык соодада дээрлик 1,5 пайыз кымбаттагандан кийин Илон Маскты басып өтүп, дүйнөнүн эң бай адамы болду. Бул тууралуу Forbes билдирет.
«Таза байлыгы 210,1 миллиард доллар болгон Арно 208,6 миллиард долларлык байлыгы болгон Tesla компаниясынын башкы директорун басып өттү»,-деп жазат басылма.
Бейшемби күнү Арнонун байлыгы 7,7 миллиард долларга өсүп, LVMH акциялары 1,45%га өсүп, 830 долларга жетти.
LVMH – кымбат баалуу буюмдарды чыгарган француз конгломерат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 7-июнь саат 9:00гө карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 30 тыйын болсо, сатуу 88 сом 20 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 32 тыйын деп көрсөтүлгөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн