ESPN: Месси жылдын мыкты оюнчусу аталды

Автор

Америкалык атактуу спорт каналы ESPN жылдын  жеңүүчүлөрүн жарыялады. Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси 2023-жылдын мыкты футболчусу аталды.

“Интер Майами” клубунун  жаңы оюнчусу ошондой эле 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнөлүк Чемпионатта ойногону үчүн эң мыкты көрсөткүчкө ээ болду, анда ал турнирдин эң мыкты оюнчусу аталды жана анын Аргентина курама командасы Дүйнө чемпиондугун жеңип алды.

Эске салсак, ушул жайда Месси 2021-жылдан бери ойноп келе жаткан ПСЖдан кеткенден кийин эркин агент катары Интер Майамиге өткөн. Аяктаган сезондо чабуулчу париждиктердин курамында Франция чемпионатында 32 матчка катышып, 16 гол киргизип, 16 пас берген.

Ага чейин аргентиналык футболчу бүт карьерасын “Барселона” үчүн өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору болуп Айбек Ибраимов дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Айбек Ибраимов буга чейин Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн